Жалал-Абад облусунда дарыяга түшүп кеткен жигитти издөө иштери токтотулду

6881

Аксыда дарыяга түшүп кеткен адамды издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 14-июнда Аксы районунун Кум айылында болгон. Нарын дарыясына 17 жаштагы жигит түшүп кеткен.

16-июндан бери Таш-Көмүр шаарынан жана Аксы районунан ондогон куткаруучулар тартылган. 24-июнда туугандарынын ыраазычылык катынын негизинде издөө иш-чаралары токтотулду.

Кыргызстанда 2019-жылы өлкөдө 148 адам сууга чөгүп кеткен (107си жайкы сезондо), алардын 25и 12 жашка чыга электер болчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.