Жалал-Абад шаарындагы борбордук базар өрттөнүп кетти

896

Болжол менен 1,5 миңге жакын чарчы метр соода аймагы күйгөн. Ал жакта дагы тилсиз жоо түндө саат экилерге жакын башталган. Бул жакта негизинен азык-түлүк сатылчу. Өрттү өчүрүүгө алты бригада тартылып, эртең менен алты жарымдарга чейин иштешкен.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Өрткө каршы кызмат менен Экотехинспекция эки күн мурда эле ушул базарда рейд өткөрүп, өрт коопсуздук эрежелери сакталбаарын аныктап, жетекчилигине эскертүү берген.