Жалал-Абадда 19 жаштагы кызды сатууга шектелип бир аял кармалды

1039

Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти. Криминалдык милиция кызматкерлерине Жалал-Абад шаарында туулган 19 жаштагы кызды сатуу үчүн кардар издеп жаткан аял тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Териштирүү учурунда аны Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы тургуну 100 миң сомго көздөп жаткандыгы аныкталган. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери кызды сатып алууну каалаган адамдын ордуна атайын бир аялды даярдашып, аны менен байланышка чыгышат. Ал аял 19 жаштагы кызды 100 миң сомго баалап, анын ата-энеси, жакындары жок экенин айтып, каалагандай пайдалана беришсе боло турганын айткан.

Соодалашуунун жүрүшүндө кылмышка шектүү аял кызды 50 миң сомго сата турган болгон. Атайын операциянын нартыйжасында, 5 күн мурда Жалал-Абад шаарынын мейманканаларынын биринин короосунда акчаны алып жаткан жеринен 42 жаштагы аял кармалды. Ал Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган факты боюнча «кишилерди соодалоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда 19 жаштагы кыздын жакындары такталууда. Ал моралдык-психологиялык жактан жабыркап, катуу коркуп калган, дешет милиция кызматкерлери.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.