Жалал-Абадда Гемодиализ борбору ачылды (видео)

1293

Дүйнөлүк стандарттарга жооп берген гемодиализ борбору Жалал-Абадда пайда болду. Бүтүндөй бир аймакты тейлеген оорукана Көк-Арт кичи шаарчасында жайгашкан. Буга чейин бөйрөк илдетине кабылган бейтаптар жол азабын тартып Ош же Бишкек шаарларына барып гемодиализ алып жүрүшчү.

Эми жеке менчик гемодиализ борборунун пайда болушу менен жергиликтүү тургундардын чыгымы азаят. Ага кошумча, акысыз гемодиализ алууга мүмкүн болот. Анткени бул борбор милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен биргеликте иштеп, дарылануунун акысын аталган мекеме төлөп берет. Бейтаптар болгону тамак-аш үчүн 500 сом гана төлөшөт.