Жалал-Абадда көзөмөлдөө пунктунун тескөөчүсү пара менен кармалды

3954

Жалал-Абадда салмак габаритти көзөмөлдөө пунктунун тескөөчүсү пара менен кармалды. Ал 2 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Алынган маалыматтар боюнча, Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлерине жүк ташуучу унаалардын айдоочулары кайрылышкан. Алар Жалал-Абад областындагы Кара-Көл салмак габаритти көзөмөлдөө пунктунун кызматкерлери акча талап кылып жатканын белгилешип, тиешелүү чара көрүүнү суранышкан.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ноябрь айынын аягында 2000 сом алып жаткан жеринен тескөөчүсү кармалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатканы маалым болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.