Жалал-Абадда күйөөсү тарабынан сабалган келин ооруканада жатат

5703

Жалал-Абадда күйөөсү тарабынан сабалган 34 жаштагы келин ооруканага түштү. Окуя Сузак районунда катталган. 3 баланын энесинин баш мээси чайкалып, мурдунан жаракат алганы айтылууда.

Жергиликтүү ооруканадан билдиришкендей, учурда бейтап дарыланып жатат. Абалы жакшы. Жалал-Абад областтык милициясы берген маалыматка ылайык, аялын токмоктоо фактысы боюнча «ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгы чыкканда гана окуяга юридикалык баа бериле турганы кабарланды. Ур-токмокко кабылган келин күйөөсү менен көп жылдан бери айылда батирде турушат. Ал мектепте мугалим болуп иштеп жүргөнү айтылууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.