Жалал-Абадда мектеп окуучулар мугалимден кургак учук оорусун жуктуруп алышты

1298

Жалал-Абадда мугалим мектеп окуучуларына кургак учук оорусун жуктурду. Окуя Сузак районундагы Барпы айылында болгон. Учурда 6-класстын эки окуучусу ооруканада жатат. Жалал-Абад областтык ооруканага 56 жаштагы мугалим кайрылып, текшерилгенде кургак учуктун жугуштуу түрү бар экени аныкталган.

Дарыгерлер бул боюнча жергиликтүү бийликке кайрылып, мектеп окуучулардын баары рентгендик кароодон өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 6-класстын эки окуучусунан оору табылды. Алар балдар бөлүмүндө даарыланып жатышат.

Бул окуядан кийин көпчүлүк ата-энелер балдарын мектепке жиберүүдөн коркуп калышкан. Алар мугалимдердин ден-соолугу текшерилбей туруп, жумушка алынганына нараазычылыктарын айтышууда. Дарыгерлер кургак учук илдетине кабылган окуучулардын айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилешти.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.