Жалал-Абадда окуучулардын мушташынан кийин директор жумуштан кетти

4883

Жалал-Абадда окуучу кыздардын мушташынан кийин Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Ошондой эле Жоробек Мамытбеков атындагы мектептин директору, анын орун басары, класстан жана мектептен тышкаркы иштердин уюштуруучусу, социалдык педагог да жумушунан айдалды.

Тиешелүү буйрук Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан чыгарылды. Алар окуучулар арасында тиешелүү тарбиялык иштерди жүргүзбөгөнү айтылууда. Бир нече педагогдун иштен кетирилиши менен аяктаган окуя 18-ноябрда катталган.

Анда Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айылындагы Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектептин 40-50дөй окуучу кыздары өз ара мушташып кеткен. Видео интернетке жарыяланып, коомчулук тарабынан катуу талкууга алынган. Азыркыга чейин эки жаатка бөлүнгөн өспүрүмдөрдүн пикир келишпестиги эмнеден келип чыкканы айтыла элек. Бул факты «ээнбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.