Жалал-Абадда сот аткаруучулар 25 миң сом пара алып жатканда кармалды

1187

Сот аткаруучулар 25 миң сом пара алып жатканда кармалды. Алар Жалал-Абад областынын Ала-Бука району боюнча бөлүмүндө иштеген кызматкерлер болуп чыкты. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тараткан маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр жергиликтүү тургундан 30 миң сом талап кылышкан.

Бул акча сот аткаруучулардын колуна тийген соң, 67 миң сом алимент төлөбөй жүргөн Ала-Буканын жашоочусуна Кыргызстандын аймагынан чыгууга уруксат берилмек.

Материал Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Кармалган сот аткаруучулар Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.