Жалал-Абадда жер көчкү жүрүү коркунучу бар (видео)

859

Кыргызстанда жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактардын саны 15 миңден ашат. 4200 үй-бүлө дал ошондой кооптуу аймактарда жашап жатышат. Алардын айрымдары мамлекет бөлүп берген ссуданы алып, бирок бөлүнгөн жер тилкелерине барып жашоодон баш тартышууда. Мындай үй-бүлөлөрдүн саны — 2000ге чукул. Эми кооптуу аймактан көчүп кетүүдөн баш тарткан жарандар жоопкерчиликке тартылышы ыктымал. Мындай сунушту Өзгөчө кырдаалдар министрлиги киргизүүдө. Себеби алардын кайдыгерлигинен, адам өмүрлөрү коркунучка дуушар болушууда. Былтыр Ош областынын Өзгөн районунда жер көчкү болуп, ал 24 адамдын өмүрүн алып кеткен. Алардын арасында наристе балдар да болгон. Учурда жер-жерлерде бул боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.