Жалал-Абаддагы бала бакчада наристелердин сабалып жатканы тууралуу видео тарады

807

Жалал-Абаддагы бала бакчада бөбөктөр сабалып жатканы тартылган тасма тарады. Анда, тарбиячынын наристелерди жаакка чаап, жулмалап, катуу урушуп, кагып-силкип жатканын көрүүгө болот.

Бул видеону тартып алгандар ошол эле бала бакчанын кызматкерлери болушу мүмкүн. Аны жөнөткөн күбөлөрдүн айтымында, окуя бир апта мурда болгон. Балдардын арасында отурган аял кыйкырып, бөбөктүн бирин чаап жиберет. Андан кийин ыйлап жаткан кызды жулкулдатып, четке сүйрөп кеткенин көрүүгө болот.

Видеону тарткандар, Жалал-Абаддагы бул бала бакчада мындай окуялар көп болуп тураарын дагы айтышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.