Жалал-Абаддагы кенден чоң көлөмдө сурма уурдалды

906

Жалал-Абад облусундагы жашоочулардын турак жайларын текшерүү учурунда 562 кг сурма табылды. Андан башка дагы 100 кг сурманы кендин өзүнөн Чаткалдын тургуну уурдап кетүүгө аракет кылган.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 2018-жылы 4-декабрь күнү Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын 1982-жылы туулган тургуну кармалган. Ал «Эти Бакыр Терек-Сай» ЖЧК кен казуу иштерин жүргүзгөн жерден 100 кг сурма уурдаган деп шектелип жатат. Бул факты боюнча Чаткал РИИБ тарабынан «топтошуп алып уурулук жасоо» жана «мыйзамсыз кирүү менен уурулук кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Ал эми тергөө иштеринин жүрүшүндө райондук сот шектүү жашаган үйдү текшерүүгө санкция берип, анын негизинде короосунан дагы 34 кг сурма табылган. Мындан тышкары Чаткал районундагы Терек-Сай, Кызыл-Токой айылдарында жана Ала-Бука районундагы Достук, Кош-Алмурут айылдарындагы 6 жашоочунун үйү текшерүүгө алынды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.