Жалал-Абаддагы “Кыргызмунайгаз” ишканасынан 300 тонна мунай уурдалган

619

Жалал-Абаддагы “Кыргызмунайгаз” ишканасынан 300 тонна мунай уурдалганы аныкталды. Мекемеден кабарлашкандай, бир айдан бери Кочкор-Атадан Жалал-Абад шаарына жөнөтүлгөн нефть өз убагында жетпей, азайып жатканы байкалган. Мындан улам, түтүктөрдү текшерүү башталган.

9-ноябрга караган түнү, жергиликтүү тургундар Портер үлгүсүндөгү унаадагы атайын даярдалган челектерге мунай куюп жаткан адамды көрүп, тасмага тартып калышкан. Бул боюнча милицияга кабарланган.

Текшерүү учурунда, Сузак районунда мунай өткөн түтүктү тешип, уурдаганга ыңгайлаштырылган жай табылган. Андан болжол менен 300 тоннага жакын нефть уурдалганы айтылууда. Учурда бул ишке тиешеси барлардын аты-жөнү такталган, бирок кармала элек.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.