Жалда сабалгандар майып болуп калышы мүмкүн (видео)

485

Бишкектеги Жал кичи районунда аёсуз сабалгандар биринчи топтун майыбы болуп калышы ыктымал. Бул тууралуу алардын жакын туугандары билдиришти. Айтымдарында, катуу ур-токмокко кабылгандардын бири комага түшүп, учурда эсине келгени менен жакындарын тааныбай калган.

Ал эми экинчисине жакында эле оор операция жасалган. Бүгүнкү күндө экөө тең үйлөрүнө чыгарылганы менен өз алдынча тамак жей албай, бирөөнүн жардамы жок баса да албай калышкан. Анан да туугундары жабырлануучулардын психикалык абалдарына кооптонуп жатышыптыр.