«Жалган ардагерлер» мамлекеттен компенсация алууну улантышууда (видео)

920

Афган согушунун жалган ардагерлери дагы деле ай сайын 6 миң сомдон мамлекеттен компенсация алып жатышат. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү НТС каналына билдиришти. Буга чейин 159 «жалган ооган» ардагери аныкталып, мамлекеттик казынага келтирилген зыяндын көлөмү 129 миллион сомго жеткени белгилүү болгон. Ал арада «жалган ардагерлердин» саны дагы өсүп жатыптыр.

Демек, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү убакыт өткөн сайын өсүүдө. Эксперттер өкмөт бул маселеге олуттуу көңүл бөлүп, документти жасагандар жана кошумча акчаны мамлекеттен мыйзамсыз алып келгендерди жазалоо керектигин айтышууда.