Жалган ооганчылар мамлекетке 30 млн сомго жакын зыян келтирди

1417

Ооган согушуна катышкам деп жалган документтер менен жөлөк пул алып жүргөндөр боюнча 7 кылмыш иши козголду. 49 киши «алдамчылык», «кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган», «кызматтык жасалмачылык», «атайылап жасалма документтерди колдонгон» деген беренелер боюнча айыпталууда.

Бул тууралуу башкы прокуратурадан кабарлашты. Мыйзам бузуулар Ноокат, Кадамжай, Кара-Суу райондорундагы аскердик комиссариаттарында жана чек ара кызматында аныкталган.

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, жалган ооганчылар мамлекетке 30 миллион сомго жакын зыян келтирген. Ал эми буга чейин ушул эле маселени иликтеген мекемелер аралык комиссия ооган согушуна катышкам деп жеңилдик алып келген жарандарга 8 жыл ичинде 129 миллион сом төлөнүп берилгенин таап чыккан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.