Жалган жалаабы же жазадан кутулуу амалыбы? (видео)

638

Милиция кызматкерлери ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга кылбаган кылмышты илип жатышат. Бул тууралуу айткан шектүүнүн жакындары прокуратурага арыз менен кайрылышты.

Ош шаарында сүйлөбөгөн Эрлан Жакып уулу гашиш менен кармалган. Бирок жакындарынын айтымында, анын чөнтөгүнө баңги затын тартип сакчылары өздөрү салып коюшкан.

Шектүү сүйлөй албагандыктан, өз чындыгын далидөөсү кыйынчылык жаратууда. Бул тартип сакчылары үчүн ыңгайлуу болуп жатат, дейт Эрлан Жакып уулунун жакындары.