Жалил Атамбаев кабарчы Ыдырыс Исаковду сотко берди

1334

Милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковду иликтөөсү үчүн сотко берип, соттон 50 миллион сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранды.
Эске салсак, 17-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган ишкерлер» деген аталыштагы иликтөөсүн жарыялаган. Анда жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 миллиард сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Иликтөөдө милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган.
Иликтөө жарыяланган соң Финансы полициясы текшерүү иштерин баштап, көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын Бирдиктүү реестрине каттоого алган. Учурда ал “Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу” беренесинин негизинде текшерилип жатат.
Ошондой эле, Жалил Атамбаев Ыдырыс Исаков менен кошо видео иликтөөдө анын схемаларын ачыкка чыгарган Мирлан Маматовду жана Марат Сайбидиновду да сотко берип, алардан беш миллион сом өндүрүүнү суранган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.