Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты (видео)

881

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгып, 10 бүтүрүүчү эң жогорку балл алды. Тесттен өттү деген бааны улан-кыздардын 62 пайызы алган. Ал эми сынактан кулап калгандар кайда барса болот?

Билим берүү министрлиги тестирлөөнүн жыйынтыгы талап кылынбаган адистиктердин тизмесин берди. Алсак, музыка, кино, дизайн, живопись сыяктуу талантты талап кылган кесиптер боюнча окуу жайлар өнөрлүү улан-кыздарды кабыл алууга даяр.