Жамал Сейдакматова 80 жылдык мааракесин белгилейт (видео)

2018

Кыргыз ССРинин, Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова 21-сентярда 80 жашка чыгат. 60 жылдан ашуун өмүрүн сахнага, кино тармагына арнаган талант.

Ал өзү негиздеген Туңгуч театрында улан-кыздарга тарбия берип келет. Элге эмгеги өткөн Жамал Сейдакматова буга чейин бир катар сыйлыктарга ээ болгон. 19-сентябрда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун колунан 2-даражадагы Манас орденинин алды.