ЖАМК: Сапар Исаков, Албек Ибраимов бүгүн жаза өтөп жаткан абакка келиши керек

7776

Бүгүн камактан бошотулгандардын мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирет. ЖАМК Жазык-аткаруу кодексинин 97-беренесинин негизинде, 2020-жылдын 6-октябрында түзөтүү мекемесинен чыгып, кайра мурда жазасын өтөгөн мекемелерге кайтып келүүгө уруксат берилген адамдарга кайрылат. Талаптар аткарылбаса, укук коргоо органдары тиешелүү чараларды көрүшөт.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, соттолгон С. Авазов, Д. Мусакеев, Р. Төлөгөнов, А. Калиев түзөтүү мекемелерине кайтарылды.

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев саламаттыгынын начарлап кеткендигине байланыштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин коштоосунда Улуттук кардиология жана терапия борборунда жатат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелерине келе элек соттолуучу С. Исаков, А. Ибраимов, С. Куланбаев, Б. Куланбаевге берилген мөөнөт бүгүн аяктайт.