Жан-Клод Юнкер: «Кыргызстан эли — улуу улут!» (видео)

1054

Кыргызстан эли — улуу улут! Мен бул өлкөгө тез арада барып, анын элин өз көзүм менен көргүм келет. Бул сөздөрдү Европа Комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча айтты. Кыргызстан өзү жайгашкан чөлкөм үчүн гана эмес, глобалдык деңгээлде дагы мааниси чоң өлкө, дейт Юнкер. Өз кезегинде президент Жээнбеков Еврокомиссиянын төрагасын гана эмес, жалпы эле Европа биримдигинин институттарынын жетекчилерин бул жакка келип кетүүгө чакырды. Жан-Клод Юнкердин пикиринде, Кыргызстандан көп нерселерди үйрөнсө болот. Ал эми президенттин айтымында, Брюсселдеги сүйлөшүүлөр абдан ачык жана өз ара ишеним маанайында өттү.