Жанар Акаев менен БШКнын тиреши соттошуу менен аяктайбы? (видео)

2104

Гендердик квотадан келип чыккан келишпестик. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча соттошуулар дагы уланчудай. Жанар Акаев депутаттык мандатка жетпей калганына байланыштуу “Альянс” партиясы БШК менен соттошууга белсенүүдө. Эл өкүлү билдирүү таратып, Борбордук шайлоо комиссиясы бир адам үчүн жаңы эреже киргизди деп, мүчөлөрүн коркок деп сынга алды.

Мындай айыптоолорго БШК жооп кайтарып алар чукул киргизген жобо Баш мыйзамга ылайыкташтырылганын билдиришти. Жаңы эрежеге ылайык, жети мандат алган партиядан 3 аял депутат келиши керек. Буга чейин алардын саны экөө эле болчу.