Жанар Акаевге депутаттык мандат жетпей калды (видео)

2060

Кийинки бейшемби күнү Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарына мандат тапшырылып, ант берүү аземи өткөрүлүшү күтүлүп жатыптыр. Шаршемби күнү болсо, учурдагы эл өкүлдөрү акыркы отурумун өткөрүп, бир катар маселелерди карайт экен.

Ал арада, Жогорку Кеңеште уюштуруучу топ түзүлүп, ага кирген азыркы жана болочоктогу эл өкүлдөрү жыйын өткөрүштү. Анда жаңы келе турган мыйзам чыгаруучулар кайсы кабинеттерде отурары жана жыйындар залына кандай жайгаштырыла турганы талкууланды. Борбордук шайлоо комиссиясы болсо жаңы депутаттардын тош белгиси менен күбөлүгү даяр экенин билдирди.