Жаңы ачыла турган мектептин бир имараты өрттөнүп кетти (видео)

2619

Жаңы ачыла турган мектептин бир имараты толугу менен өрттөнүп кетти. Кырсык кечээ түшкө жуук Сокулук районунун Токбай айылында катталган. Окуя болгон жерге 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылса дагы, алоолонгон жалынды көпкө чейин токтотууга мүмкүн болгон эмес.

Буга чейин демөөрчүлөрдүн жардамы менен медресе катары курулган бул жай жакында эле айыл өкмөтүнүн карамагына өткөнү маалым болду. Учурда кырсыктын кесепетинен канча чыгым келтирилгени эсептелүүдө.