Жаңы-Алайдагы мектепте көмүрдүн исинен 18 бала менен мугалим ууланды

691

Алайда мектепте көмүрдүн исинен 18 бала менен мугалим ууланды. Алар Ош областтык ооруканасына жеткирилген. Балдардын абалы турукташып, баары үйүнө чыгарылды. Ал эми мугалим дагы деле дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Маалыматтарга караганда, Жаңы-Алай айылындагы мектепте 4-класстын окуучулары сабак учурунда башы айланып, жергиликтүү дарыгерлер чакырылат. Алар балдардын абалына кооптонуп, областтык ооруканага жөнөтүшкөн. 3 окуучу реанимация бөлүмүнө жаткырылган.

Мектеп авариялык абалда. Ар бир класста меш жагылып, көмүр колдонулат. Мугалим менен балдар сабак учурунда ууланышкан. Бул мектептин имараты 1973-жылы сарай үчүн салынган. Андыктан ал жакта жылытуу системасы жок. Жаңы мектеп курууга 45 миллион сомдук долбоор даярдалган. Төрт жыл мурда болгону 3 миллион сом бөлүнүп, ага котлован казылып иш ошол бойдон токтоп турат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.