Жаңы башкы прокурорлукка лейтенант келеби? (видео)

886

Өлкөнүн 15-башкы прокурору ким болоору аныкталып калды. Президент башкы көзөмөлөл органдын жетекчилигине Өткүрбек Жамшитовду сунуштады. Парламенттин тармактык комитети менен көпчүлүктүн коалициясы анын талапкерлигин жактырды. Башкы прокурорлукка сунушталган Өткүрбек Жамшитов тууралуу учкай маалымат. Ал 20 жылдай прокуратура системасында эмгектенип, 4 областта иштегенге жетишкен. Акыркы 3 жылдан бери Жалал-Абад областтык прокуратурасын жетектеп келген. Башкы прокурорлукка аттанган 43 жаштагы лейтенанттан депутаттар эмнени талап кылышты?