Жаңы депутаттар кабинет талаша башташты (видео)

2160

Жетинчи чакырылыштын төрагасы ким болот? Дал ушул суроо учурда утуп чыккан партиялар менен талапкерлер ортосунда кызуу талкууланып, бул орунга талапкер катары 3-4 адамдын аты аталып жатыптыр. Спикерлик кызматтан тышкары, болочоктогу эл өкүлдөрү кабинет караштырып, шарты жакшы бөлмөлөргө көз арткандар көбөйгөнү айтылууда. Бирок азырынча Боршайком шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялай элек.

Учурда мандат бере турган БШКда иш тынымсыз жүрүп жатат. Боршайкомдун мүчөлөрү иштер кийинки ишембиге чейин аяктаса, расмий жыйынтык чыгарын айтышат. Андан соң, эч бир тарап кандайдыр бир доомат менен сотко кайрылбаса, 3 жумушчу күнүнөн кийин мандат тапшыруу болот. Андыктан жаңы жылдын алдындагы аптада жетинчи чакырылыш ишин баштап калышы ыктымал.