Жаңы калкты тейлөө борбору ачылды (видео)

1364

Чүй областы боюнча калкты тейлөөчү эң ири борбор ачылды. Эми анда Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов районунун тургундарына паспорт алуу, катталуу же каттоодон чыгуу, никеге туруу, туулгандыгын каттоо, аты-жөнүн өзгөртүү сыяктуу кызматтар көрсөтүлө баштайт. Жаңы ачылган калкты тейлөө борборунда санариптик, автоматташтырылган система киргизилген.

Анын негизинде кардарлар электрондук кезек менен эле керектүү документтерин ала алышат. Борбордун ачылышына жергиликтүү тургундар жана вице-премьер министр Жеңиш Разаков катышты. Эске сала кетсек, ушуну менен өлкө аймагы боюнча 18-калкты тейлөө борбору ачылып жатат.