Жаңы кодекс: эмне өзгөрдү?

2115

Жыл башынан тарта иштей баштаган жаны кодекстерде кандай өзгөртүүлөр камтылган? Мисалы, кылмыш кодексинин жаңы редакциясы боюнча кылмыш ишин козгоо мурдагыдан бир топ жөнөкөйлөштү. Ошондой эле, эми жарандардан арыз келип түшөрү менен, кылмыш иши козголушу керек. Эгерде буга тергөөчүлөр тарабынан тоскоолдук жасалса — анда алар жоопко тартылышы мүмкүн.

Дагы бир жаңылык — жоруктар кодекси боюнча сот тарабынан айыптуу деп табылган адам эркиндигинен ажыратылбайт. Алар айып төлөп же коомдук иштерге гана тартылат. Кылмыш жана жазык-процесстик кодексинин жаңыланышы — жаза аткаруу тутумун гумандаштырууга багытталган, дешет документтин үстүнөн иштеген жумушчу топтун мүчөлөрү. Жаңы мыйзамдар жана алар кандай иштейт?