Жаңы кодекстер жүк ташуучу унааларга кедергесин тийгизүүдө (видео)

643

Жаңы кодекстеги дагы бир мүчүлүштүк лицензия берүүгө байланыштуу. Өкмөт тарифти бекитпегендиктен, уруксат кагаздарын бере турган 55 органдын иши токтоп турат. Мунун азабын азыр эл аралык каттамга чыккан жүргүнчү жана жүк ташуучулар тартууда. Анткени 4 миңден ашык айдоочунун лицензиясынын мөөнөтү бүттү.

Эксперттер жаңы кодекстин кабыл алынганына эки жыл өтсө дагы аны ишке киргизүү механизмдери эмдигиче даяр болбогонун сынга алышты. Эми бул маселени чечүү дагы көп убакытты талап кылат. Ага чейин ишкерлер ири чыгым тартууда.