Жаңы кодекстердин сапаты үчүн ким жооптуу? (видео)

1003

Чийки даярдалган жаңы кодекстерге жумшалган 14 миллион еврого жакын каражаттын сарпталышын иликтөө керек. Мындай сунуш парламенттин отурумунда айтылды. Юстиция министринин айтымында, акчанын көпчүлүк бөлүгү эксперттердин эмгек акысына, консультация иштерине жана тегерек столдорду уюштурууга кеткен. Ал эми түшүндүрүү иштерине бөлүнгөн 3 миллион евро кайда жумшалганы белгисиз.

Анткени эл жаңы кодекстердеги өзгөчөлүктөрдү документтер күчүнө кирген соң 1-январдан кийин гана билди. Эми мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн кайрадан бир топ мыйзам долбоорун жана токтомдорду кабыл алуу керек экен. Бирок ал арада жаңы кодекстерге өзгөртүү киргизүүгө мораторий киргизилгени белгилүү болду.