Жаңы көмөкчордону 13 конушту жарык менен камсыздайт (видео)

2345

Кыргызстандын энергетика тармагынын карызы 130 миллиард сомго чейин жетти. Бүгүн биринчи жолу сырттан эч кандай насыя албастан, бюджеттин эсебинен курулган жогорку чыңалуудагы көмөк чордонунун ачылышы болду. Ал Бишкек шаарынын четиндеги Алтын-Казык жаңы конушунда жайгашкан.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, көмөк чордондун баскычын басып, ишке киргизди. Ошондой эле, мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугуп алардын башка дагы көйгөйлөрүн угуп, суроолоруна жооп берди.