Жаңы Конституция: жашоо кандай өзгөрөт? (видео)

1481

Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга шайлоочулардын 37 пайызы катышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына ылайык, добуш бергендердин 79 пайызы жаңы баш мыйзамды колдошкон.

Ал арада коомчулукта жаңы редакциянын кабыл алынышы менен кандай мыйзамдык өзгөрүүлөр болот жана ал канча мөөнөттө аяктайт деген суроолор кызый баштады. Юристтердин айтымында, бул процесс кеминде жарым жылдай убакытты талап кылат. Ошол эле убакта, бул иш-аракеттерди ылдамдатуу үчүн Улуттук кеңеш түзүү демилгеси да көтөрүлүүдө.