Жаңы конуштардагы 3 миңге жакын үй түрттүрүлүшү мүмкүн (видео)

724

Бишкектин жаңы конуштарында 3 миңге чукул үй түрттүрүлүшү мүмкүн. Мындай демилге калаа бийлигине таандык. Мэрия шаардагы капиталдык курулуштардын санын тактап баштаган. Мунун алкагында 10 миңден ашык эч кандай уруксаты жок салынган үйлөр аныкталган. Документи жок жерлерге курулган турак жайлардын басымдуу бөлүгүн мыйзамдаштырууга толук шарт бар.

Бул боюнча мыйзам долбоору даярдалып Жогорку Кеңешке сунушталган. Бирок айрым турак-жайлар санитардык, техникалык нормалар сакталбаган жерде курулгандыктан бузулушу керек.