Жаңы конуштун жашоочулары уруулардан жапа чегишүүдө (видео)

683

Жыл башынан тарта өлкө аймагы боюнча 1200дөн ашуун үй уурулук фактысы катталган. Бирок ал кылмыштардын 50 пайызынын гана бети ачылды. Чүй областынын ички иштер башкармалыгы тарабынан Новопавловка айылында катталган уурулукка шектүү катары алты адам колго түшүрүлдү. Ал эми Бишкектин «Учкун 2» жаңы конушунда ондогон үйгө ууру киргени менен, ал кылмыштардын бири дагы ачыла элек. Баш калаанын бул аймагында жашагандар азырга чейин уруулардан жапа чегип жатышканын айтышууда. Айрымдары майда-барат буюм-тайымдарын алдырышса, башкалары жүздөгөн миң сомдук мүлкүнөн айрылгандар.