Жаңы көркөм тасма: «Арзуу менен Америкага»

1640

Голливуд жылдызарынын катышуусундагы жаны кыргыз тасмасы. Бишкекте «Арзуу менен Америкага» көркөм тасмасынын бет ачары болуп, кино эми Бишкектин баардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштады. Тасма мигранттардын өз мекенине болгон сүйүүсүн, чыныгы достук, сүйүү сезимдерин даңазалайт. Фильм Кыргызстан, Казакстан жана АКШнын бир нече шаарларында тартылган.

Тасмага жергиликтүү жана Казакстандын актерлору тандалып алынып, ал эми Голливуддан белгилүү актер Марк Дакаскос тартылган. «Арзуу менен Америкага» фильмин Америкада жашаган кыргызстандыктар тартып, бул долбоорго баш аягы 300 миң доллар сарпташкан.