Жаңы көз жарган аялдар керебет жетпей, жерде жатышат (видео)

629

Чүй областынын төрөт үйүндө жаңы көз жарган энелер полдун үстүнө төшөлгөн матрацтарга жатууга туура келди. Анда иштеген дарыгерлердин айтымында, Бишкек шаардык перинаталдык борбору оңдоп-түзөө иштери үчүн жабык тургандыктан, аларга кайрылгандардын саны өскөн.

Мурда бир күндө 10-15 төрөт болсо, 20-сентябрда 30дан ашык келин көз жарган. Саламаттыкты сактоо министрлиги түзүлгөн кырдаал үчүн кечирим сурап, түшүнүү менен кабыл алууга чакырууда. Бирок энелердин чаң баскан жерде жатканына коомчулук нааразы.