Жаңы Кылмыш-жаза кодексинин ишке кириши менен абактан 460 адам чыгат

872

Жыл башынан тарта жаңы Кылмыш-жаза кодексинин ишке кириши менен, гумандаштыруунун негизинде абактан чыгарыла турган жарандардын тизмеси такталууда. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда атайын бөлүмдөр иштеп, тактоо, ревизия иштери жүрүп жатыптыр. Жабык жайлардан чыга тургандардын болжолдуу саны да алдын-ала эсептелген. Жакында тиешелүү документтер прокуратурага жөнөтүлүп, андан соң сотко өткөрүлөт экен. Мыйзам боюнча ал документтер 3 айдын ичинде каралып бүтүшү керек.

Эске салсак, буга чейин Жаза аткаруу кызматынын башчысы Таалайбек Жапаров депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, жаңы Кылмыш-жаза кодексинин ишке кириши менен 460 адам абактан чыга турганын айткан. Ал эми, жабык жайларда отургандардын жалпы саны, расмий маалыматтар боюнча 8 миңден ашат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.