Жаңы мектеп даяр, бирок окуучулар эски имаратта билим алышууда (видео)

1746

Ош областынын Кара-Суу районунда жаңы окуу жайы салынып бүткөнүнө карабастан, 400 окуучу мурдагы бала бакчада окуп жатканына мугалимдер нааразы болушууда. Себеби эски имаратта ыңгайлуу шарттар түзүлбөгөнү аз келгенсип, дубалдарынан жарака кетип, кооптуу абал жаралган. Курулушу бүткөрүлгөн мектеп эмнеге жабык турат жана ал качан колдонууга берилет?