Жаңы мэрдин жомоктогудай пландары (видео)

4735

Борбор калаада таштандыны кайра иштеткен жана асфальт чыгарган заводдор курулат. Бул тууралуу убаданы алгачкы маалымат жыйынында бир жума мурда дайындалган Бишкектин жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Ал аткарыла турган пландары менен бөлүштү. Бирок борбор калааны өнүктүрүү боюнча өзүнүн программасы менен тааныштырган жок.

Айтымында, муниципалитеттин жетекчиси мурдагы мэр Айбек Жунушалиевдин программасына кошумча-алымчаларды киргизип, бир айдан кийин коомчулуктун сынына алып чыгат экен. Буга чейин активисттер мурдагы калаа башчысынын сунуштаган программасын рефератка салыштырып, катуу сынга алышкан болчу.