Жаңы министрлер кызматка расмий киришти (видео)

705

Жаңы жылдан кийин өкмөттүн түзүмү жана курамы кандай өзгөрүүлөргө дуушар болушу мүмкүн? Учурда бул боюнча өкмөттө өзүнчө жумушчу топ иштеп жатат. Анын иши аягына чыга элек. Деген менен, акыркы 10 күн ичинде министрлер кабинетинде жаңы мүчөлөр пайда болуп, кечээтен тарта 3 жетекчи расмий түрдө ишке киришти.

Айрым талдоочулар аткаруу бийлигинин курамы жаш кадрлар менен толукталып жатканын жакшы жышаан катары кабылдашууда. Ошол эле убакта, алардын тажрыйбаларына да көңүл буруу керек дегендер жок эмес. Өкмөт түзүмү жана курамы боюнча өзгөртүүлөргө барса, кандай жетекчилердин кызматка келишине шарт түзүлүшү керек?