Жаңы өкмөт расмий түрдө ишке кирди (видео)

4042

Жогорку Кеңеш Улукбек Мариповдун премьер-министрликке талапкерлигин, анын программасын, өкмөттүн жаңы түзүмү менен курамын бир добуштан колдоду. Президент Садыр Жапаров жарлыкка кол коюп, министрлер кабинети кечке жуук парламентте ант беришти.

Ыкчам жана мобилдүү делген өкмөттүн алдына чоң милдеттер коюлууда. Анда бизнести өнүктүрүү, тышкы карызды реструктуризациялоо, мамлекеттик чыгымдарды карап чыгуу сымал бир топ олуттуу талаптар бар.