Жаңы өкмөттү бекитүү тууралуу токтом президенттик аппаратка келип түштү

1775

Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү боюнча токтом президенттин аппаратына келип түштү. Маалыматты мамлекет башчынын басма сөз катчысы ырастады. Эми президент 3 күндүн ичинде бул документке кол коюп же каршылыгын билдирип, парламентке кайтарышы керек. Мыйзам боюнча өлкө башчы 3 күн ичинде өкмөттүн курамын бекитип бербесе, анда министрлер кабинети дайындалган болуп эсептелип, ишин уланта берет.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттү шайлашкан. Бирок отурумда кворум болгон эмес деп бир катар эл өкүлдөрү билдирүү жасап, Садыр Жапаров башкарган өкмөттүн легитимдүүлүгүнөн күмөн санашууда. Өз кезегинде Садыр Жапаровдун тарапташтары баары мыйзам чегинде болгон, деп билдирип келишет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.