Жаңы окуу жылы 10 сентярда башталабы? (видео)

1101

Окуу жылынын башталышын 10-сентябрга жылдыруу зарылбы же мурдагыдай эле калтыруу керекпи? Учурда билим берүү министрлиги «Эл пикир» уюму менен биргеликте сурамжылоо жүргүзүүдө. Буга Жогорку Кеңештеги Кыргызстан фракциясынын окуу жылын 15-сентябрдан тарып баштоо керек деген сунушу түрткү болгон. Демилгечи депутаттар менен Билим берүү министрлиги 10-сентябрь бардык тарапка ыңгайлуу деген чечимге келип, мыйзам долбоорун даярдашып жатканы белгилүү болду. Учурда бул тема коомчулуктун бардык катмарында кызуу талкууланып жатат.