Жаңы партияларга Жогорку Кеңешке жол жокпу? (видео)

607

Атаандаштарын азайтуу аракетиби же баш көтөрүп келаткан жаштарга бут тосуубу? Парламенттик шайлоону утурлай Жогорку Кеңештин депутаттары дагы бир мыйзам-долбоорун ойлоп табышты. Бул жолу эл өкүлдөрү жаш партияларды шайлоого катыштырбоонун амалын көрүп жатышат.

Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, түзүлбөгөнүнө бир жыл боло элек партиялар парламенттик шайлоого аттана албайт. Демилгечилер муну тажрыйбасы жок саясий уюмдарды бийликке келтирбөөнүн аракети деп түшүндүрүүдө.