Жаңы президент кадрларды алмаштырабы? (видео)

699

Жаңы президенттин кызматка кириши менен кандай жаңы кадамдар, өзгөрүүлөр, кадрдык орун алмашуулар болушу мүмкүн? Буга байланыштуу коомчулукта ар кандай жоромолдор айтыла баштады. Айрым саясий талдоочулардын пикиринде, жогорку кызматты ээлеген бирин-экин адам ээрден шыпырылышы мүмкүн. Жалпылап алганда, кадр тармагында олуттуу деле өзгөрүүлөр болбойт дешет. Эң башкысы, жаңы президент ишке киришээри менен тышкы саясат жаатында иш алып барышы керек, дешет эксперттер. 2011-жылы жаңы өлкө башчы шайлангандан кийин, парламенттеги көпчүлүктүн коалициясы ыдырап, өкмөт алмашкан эле.