Жаңы президенттин портрети ачыкталды (видео)

1200

Реформатор, чечкиндүү жана саясий эрки күчтүү лидер. Кыргызстандын болочок президенти кандай сапаттарга ээ болушу керек, деген суроого жарандар ушундай жооп беришүүдө. Өлкө эли кийинки мамлекет башчысына көп үмүт артышууда. Андыктан ондогон саясатчылардын арасынан татыктуусун иргеп алуу керек. Болочок президент дүйнөлүк экономиканын тенденцияларын түшүнө билген, кыраакы жетекчи болуусу керек, деген пикирлер дагы арбын. Мындай сапат билими жана экономикалык ишмердүүлүктөгү тажрыйбасы мол саясатчыда гана болот.