Жаңы салынган жолдордун кепилдик мөөнөтү 5 жылга узартылды

817

Аталган мыйзам долбоору бүгүн парламентте үчүнчү окууда жактырылды. Документке ылайык, кепилдик мөөнөт жаңы унаа жолдору куруучу компанияга өткөрүлгөн учурдан тарта эсептелинет.

Учурда кепилдик жаңы курулган жолго 2 жылдан кем эмес, ал эми кайра оңдолгон трасса үчүн 1 жылга берилет. Эми аталган мыйзам долбоору ишке кирсе, ремонттолгон жолдор үчүн 3 жылдан кем эмес мөөнөткө узартылат.