Жаңы салынып, кайра бузула баштаган бала бакча (видео)

523

Жаңы салынып, бирок ишке бериле электе бузула баштаган бала бакча. Чүй областынын Сокулук районунун Төрткүл айылындагы имараттын курулуп бүткөнүнө 2 жылдан ашкан. Ошентсе да пайдаланууга берилбей, кулпуланып турат.

Жергиликтуу тургундар бала бакча айыл өкмөттүн чабалдыгынан улам иштебей жатат дешет. Өз кезегинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жаңы имаратты ишке берүүгө болгон аракетин көрүп жатканын айтууда. Анын белгилешинче, курулушка жооптуу болгон компания ишти аягына чыгарбай таштап койгон.